КАРА АШ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАРА АШ — өлгөн адамды жайына коюп келгенден кийин чогулган элге берилүүчү тамак. Адатта К. а-ка бодо мал, жылкы жана майда жандыктар да союлат:
Токсонго чыгып мен өлбөй,
Тоодоюм Манас сен көмбөй,
Алдыңкы жолду чаңдатып
Кылым журтту айдатып
Кара ашыма тойбодуң (Саякбай Каралаев, 2. 246).
Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Көкөтөйдүн К. а-ы берилгендиги баяндалат, к. Аш.